Жаратылыш министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында автоматташтырылган өткөрмө пункттар орнотулганын кабарлады.
Маалымдалгандай, "Кыргыз-Ата", "Беш-Таш" мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарында жана "Падыша-Ата" мамлекеттик коругуна орнотулган. Бул демилге жаратылыш аймактарын коргоону күчөтүүгө, транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусун так эсепке алууга, ошондой эле финансылык ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган.
Төлөм банктык карталар, QR-код жана электрондук капчыктар менен жүргүзүлөт.