Биз социалдык тармакта

КФБ өкүлдөрү Бишкектеги футболдук объекттердин курулушун текшеришти

Бүгүн, 28-июлда Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков КФБнын кызматкерлери менен бирге Бишкектеги бир катар футболдук объекттердин курулушу жана жаңылоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө алар "Илбирс", "Бишкек Сити" жана башка футбол клубдарынын стадиондоруна, окуу-машыгуу базаларына, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барышты. "Алга" спорт комплексинде футбол талааларынын абалы каралып, жаңы гибриддик газон төшөө маселеси талкууланды.

Учурда Жогорку Лиганын 8 клубу үчүн окуу-машыгуу базалары курулуп жатат. Мындан тышкары, "Барс" жана "ОшМУ" клубдары үчүн да базаларды куруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан