Бүгүн, 28-июлда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар жаратылыш ресурстарын сактоо, экологиялык коопсуздукту чыңдоо жана заманбап экологиялык технологияларды жайылтуу багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.