Биз социалдык тармакта

"Түндүк" тиркемеси аркылуу баланын төрөлгөнүн онлайн каттоого болот

Мобилдик "Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдиришти.

Эми ата-эне баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды мамлекеттик мекемеге барбай эле, түздөн-түз тиркеме аркылуу бере алышат.

Жаңы кызмат аркылуу:

  • баланын төрөлгөнүн каттоого арыз жөнөтүүгө;
  • арыздын каралуу статусун көзөмөлдөөгө;
  • даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алууга болот.

Бул кызмат жарандар үчүн убакытты үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды онлайн форматта алууну жеңилдетүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан