Алжир парламентинин төрайымы болуп "Улуттук боштондук фронту" партиясынан Халида Буфедеш шайланды. Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги билдирди.
Халида Буфедеш кесиби боюнча аллерголог дарыгер. Ал Алжир шаарынын атынан парламентке шайланган. Ага чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген.
Белгилей кетсек, ушул айдын башында Алжирде парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында "Улуттук боштондук фронту" партиясы парламенттеги 407 мандаттын 91ин алган.
AFP агенттигинин маалыматына ылайык, Буфедеш акыркы жылдардагы айымдардын саны эң аз болгон парламентти жетектей баштады. Парламенттеги 25 орунду гана аялдар ээлеген.