Биз социалдык тармакта

Бишкекте абаны булгагандарга 22,5 миң сом айып пул салынды

Кечээ, 28-июлда Бишкек шаарында атмосфералык абаны коргоо жана анын булганышын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарын одоно бузган жарандарга карата 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Рейддин негизги максаты - жарандардын экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу, укук бузуулардын алдын алуу жана айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизген аракеттерге жол бербөө. Ошондой эле жарандарга колдонуудагы мыйзамдардын талаптары түшүндүрүлүп, укук бузууларды болтурбоо боюнча эскертүү иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан