Биз социалдык тармакта

Акын Алтынбек Исмаилов эл аралык сыйлыктын лауреаты болду

Акын Алтынбек Исмаилов эл аралык "Golden Award for Poetry Collection" сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу акын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Айтымында, ага сыйлык Алматы шаарында өткөн VI эл аралык Жибек жолу поэзия фестивалында поэзия жыйнагы үчүн ыйгарылган.
"Эл аралык "Алтын сыйлыктын" лауреаты болдум", - деди акын.
Аталган эл аралык фестиваль БУУнун Улуу Жибек жолу дүйнөлүк форуму, Акындардын Улуу Жибек жолу эл аралык федерациясы, Түрк жазуучуларынын дүйнөлүк ассоциациясы, Дүйнөлүк поэзия кыймылы Эл аралык жазуучулар жана сүрөтчүлөр палатасы жана БРИКС жазуучулар ассоциациясы тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында Кытай, Түркия, Египет, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Египет, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Якутия, Армения, Канада жана башка өлкөлөрдүн акындары сыйланышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан