Йемендеги хуситтер Кызыл деңиздин түштүк бөлүгүндөгү танкерлерге киргизилген чектөөдөн Кытай үчүн өзгөчө шарт түздү. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытайдын өкүлдөрү Йеменде хуситтер менен сүйлөшүү жүргүзүп, кытайлык танкерлердин коопсуз өтүшүнө кепилдик берүүнү суранышкан.

Натыйжада Сауд Арабиясынын портторунан Кытайга жөнөтүлгөн мунай ташыган кемелер Кызыл деңиздеги Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу тоскоолдуксуз өтө баштаган. Маалыматка караганда, азырынча төрт танкер Сауд Арабиясынан чийки мунай жүктөп, Кытайды көздөй жөнөп кеткен.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын өкүлдөрү ар бир кемени хуситтер менен биргеликте текшерип, бул тууралуу Иранга да маалымат берип турушкан.
Эске салсак, хуситтер 20-июлда Кызыл деңиздин түштүк бөлүгүндө танкерлерге чектөө киргизгенин жарыялашкан. Андан кийин алар Жакынкы Чыгыштан тышкаркы өлкөлөргө мунай жана башка жүктөрдү ташыган кемелерге карата чабуулдарын күчөткөн.