Нарын облусунда унаасынын алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган чет өлкөлүк унаанын айдоочусуна чара көрүлдү. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан чет өлкөлүк номерлүү ВMW үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочу унаасынын айнектерин уруксаты жок караңгылатып алгандыгы аныкталган. Мындан улам ага 20 миң сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулган.