Кечээ, 28-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимдерге өзгөртүү киргизүү боюнча тапшырма берип, тиешелүү жарлыктарга кол койгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу келишим 2013-жылдын 24-декабрында, ал эми Өзбекстан менен мындай келишим 2016-жылдын 29-ноябрында түзүлгөн.
Келишимдер аскердик техникаларды жеткирүү, курал-жарактарды оңдоо жана жаңылоо, биргелешкен илимий иштеп чыгуулар, өндүрүш түзүү, кадрларды даярдоо жана тажрыйба алмашуу сыяктуу багыттарды камтыйт.