Биз социалдык тармакта

Алла Пугачёва 4 ай кыймылсыз жатканын айтты (видео)

Орусиялык ырчы Алла Пугачёва 28-июлда Латвиянын Юрмала шаарында өткөн музыкалык фестивалдын жабылыш аземинде ден соолугу тууралуу орусиялык журналисттерге маалымат берди.

Ырчы иш-чарага таякчан келип, оор жаракат алганын билдирген. Анын айтымында, ал жыгылып кетип, бутун сындырып, жамбаш муунунан жаракат алган.

"Чынын айтсам, кайра туруп кетем деп ойлогон эмесмин. Менде паникалык дүрбөлөң болду. 4 ай кыймылсыз жаттым",- деген ырчы.

Пугачёва учурда таякчан басып жүргөнүн жана таяксыз басууга дагы 3-4 айдан кийин жетиши мүмкүн экенин айткан.

Белгилей кетсек, Алла Пугачёва 2022-жылы үй-бүлөсү менен Орусиядан Израилге көчүп кеткен. Андан кийин анын чечими коомчулукта талкуу жаратып, ырчы сын-пикирлерге кабылган. Учурда Кипрде жашашат.

Алла Пугачёва 4 ай кыймылсыз жатканын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан