Ысык-Көлдө өтүүчү "Formula 1 H2O" кайыктар жарышы 3 күн ичинде 2 сааттан гана болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов "Биринчи радиого" билдирди.
Ал жарыш оюн-зоок, маданий иш-чаралар менен коштолорун белгиледи.
"Бүгүнкү күндө командалар келип жатышат. Аларды аба майдандан тосуп алуудабыз. Мелдешке 10 өлкөдөн келген курама катышат",- деди Касымов.