Тарыхый-маданий имараттарды бузууга 10 жылдык мораторий киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоору сунушталды. Маданият министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду.
Документте мораторий кандай чектөөлөрдү талап кылары көрсөтүлгөн:
- Тарыхый-маданий мурас объекттерин тарыхый-маданий баалуулугун жоготту деп таанууга;
- Тарыхый-маданий мурас объекттерин өлкөнүн тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга;
- Тарыхый-маданий мурас объекттерин бузууга жана демонтаждоого;
- Тарыхый-маданий мурас объекттеринин коргоо аймактарынын чегинде реставрациялоо, консервациялоо иштери жана музейлештирүү иштеринен тышкары жаңы курулуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат.