Биз социалдык тармакта

Италияда Украинага жардамды токтотуу боюнча резолюция сунушталды

Бүгүн, 29-июлда Италиянын оппозициялык "Улуттук келечек" партиясынын өкүлдөрү парламенттин төмөнкү палатасына Украинага курал жеткирүүнү токтотуу боюнча резолюция долбоорун киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Партиянын депутаты Эдоардо Зиеллонун айтымында, резолюция Украинага бардык курал-жарак жеткирүүлөрүн токтотууну жана үнөмдөлгөн каражаттарды италиялык үй-бүлөлөрдү колдоого багыттоону сунуштайт.

Партия өкүлдөрү Орусияга каршы санкциялар жана Украинага жардам берүү Италиянын жарандарына экономикалык оорчулук жаратып жатканын белгилешкен. Мындан тышкары, алар Орусиядан газ жеткирүүнү кайра жандандыруу керек деген пикир билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан