Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жол тилкелеринде жол куруу иштери планга ылайык аткарылып жатат.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, учурда Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 6 чакырымына, Чар – Ак-Муз унаа жолунун 5,1 чакырымына асфальт төшөлдү. Мындан сырткары, Таш-Рабат унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган.