Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ички иштер министри Улан Ниязбеков башкармалыктардын Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
ИИМдин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көлдө мамлекеттик сапарларды, эл аралык иш-чараларды жана мамлекет башчыларынын катышуусундагы "Борбор Азия - Азербайжан" жолугушусун өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралган.
Улан Ниязбеков аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине алдын алуу иштерин күчөтүүнү, ыкчам кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүнү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырган.