Биз социалдык тармакта

Мбаппе сүйүктүүсүнө 1,85 миллион долларлык бриллиант мончок белек кылганы айтылды

Франциялык футболчу Килиан Мбаппе дагы бир жолу коомчулуктун көңүл чордонунда калды.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, чабуулчу сүйүктүүсү - испаниялык актриса Эстер Экспоситого баасы болжол менен 1,85 миллион доллар болгон бриллиант мончок белек кылган.

Маалыматка ылайык, Мбаппе бул белекти футбол боюнча Дүйнө чемпиондугундагы ийгиликтүү оюнун белгилөө максатында тартуулаган. Турнирде ал эң мыкты бомбардир аталып, Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы рекорд жараткан.

Бул кымбат белек социалдык тармактарда кызуу талкууланып, ушул жылдагы эң люкс белектердин бири катары бааланууда. Бирок Мбаппе менен Экспосито бул маалымат боюнча азырынча расмий комментарий берише элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-07-29 18:49:00
Белек менен келген сезим, белектин кызыгы кеткенде кошо жоголот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан