Япониянын Кюсю аралынын Кумамото префектурасынын аймагында күчү 5,8 баллга жеткен жаңы жер титирөө катталды.
Япониянын башкы метеорология агенттигинин маалыматына караганда, силкинүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:19да болгон. Жер титирөөнүн очогу тайыз тереңдикте жайгашкан.
Адистер цунами коркунучу жок экенин билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Кюсю аралынын түштүк-батыш бөлүгүндө күчтүү жер титирөөлөр болгон. Алгач күчү 7,1 балл болгон силкинүү катталып, бир саатка жетпей 6,1 баллдык дагы бир жер титирөө болгон. Ошондон кийин айрым жээк аймактарына цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген.