Биз социалдык тармакта

Трамптын Иранга сокку уруу убадасынан кийин мунайдын баасы кымбаттады

АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга каршы сокку уруу тууралуу билдирүүсүнөн кийин дүйнөлүк мунай баалары кайрадан өсө баштады.

РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, 29-июлда мунайдын баасы болжол менен 6 пайызга жогорулаган.

Brent маркасындагы мунайдын октябрь айындагы фьючерстери 5,65 пайыз кымбаттап, баррели 86,72 долларга жетти. Ал эми WTI мунайынын сентябрь фьючерстери 6,33 пайызга өсүп, баррели 84,28 доллар болду.

Буга чейин Трамп Ирандын Иорданиядагы авиабазага жасаган чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын жооп чаралары "өтө катуу болорун" билдирген.

Анын билдирүүсүнө чейин мунайдын өсүшү 5 пайыздан төмөн болгон. Рыноктордогу негизги фактор катары Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан