Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Астанада “Келечек оюндары-2026” турниринин ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров 29-июлда Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык мультиспорттук “Келечек оюндары-2026” мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да катышты.

Мелдештин ачылышында Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөп, спортчуларга ийгилик каалады. Ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин катышуучуларга видеокайрылуу аркылуу салам жолдоду.

“Келечек оюндары-2026” мелдештери 29-июлдан 9-августка чейин өтөт. Ага 34 өлкөдөн келген 800дөн ашуун спортчу сегиз инновациялык багыт боюнча күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан