Биз социалдык тармакта

АКШ аскерлери Ормуздан ири көлөмдүү мунайдын коопсуз өтүшүнө жардам беришти

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) чет элдик басылмаларга билдиргендей, май айынын башынан бери америкалык аскерлер Ормуз кысыгы аркылуу болжол менен 1 миң кеменин коопсуз өтүшүнө көмөктөшүп, 500 миллион баррелден ашык чийки мунайдын ташылышын камсыздашты.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири саналган Ормуз кысыгы аркылуу соода кемелери АКШнын аскердик күчтөрүнүн колдоосу менен каттамын улантышууда.

CENTCOM бул чаралар дүйнөлүк энергетикалык жеткирүүлөрдүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо жана аймактагы деңиз коопсуздугун сактоо максатында көрүлүп жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан