
Бүгүн, 30-июлдан баштап 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылат.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Айтымында, ушул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.
Мындан сырткары, Борбордук Азия жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.