Биз социалдык тармакта

Баткенде 31-августка карата 15 объект ачылат (тизме)

Баткен облусунда 31-августка карата жалпы 15 объекттин курулушу аяктап, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымадады.
Билдирүүгө ылайык, объекттердин 12си социалдык объект, 3ү өндүрүш ишканасы.
Алар:
  • Баткен шаары – Аэропорт участкасындагы 225 орундуу жаңы мектеп;
  • Баткен шаары – муниципалдык автобекет;
  • Сүлүктү шаарынын Белес участкасында – "Белес Резорт" эс алуу комплекси;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында – жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнө кошумча имарат;
  • Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасында – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат;
  • Баткен районунун Жаңы-Жер айылында – 500 орундуу жаңы мектеп;
  • Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Жаңы-Достук участкасында – фельдшердик-акушердик пункт;
  • Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында – "Бала Нур" бала бакчасына кошумча корпус;
  • Кадамжай районунун Айырбаз айылында – "Кыргызстандын 10 жылдыгы" атындагы 500 орундуу мектеп;
  • Кадамжай шаарында – "Аленушка" бала бакчасы;
  • Кадамжай шаарында – бардык мезгилде иштей турган муниципалдык жабык сүзүү бассейни;
  • Раззаков шаарынын Тайлан айылында – "Ак-Шоола" бала бакчасынын жаңы корпусу.
  • Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү (кургатуу) цехи;
  • Кызыл-Кыя шаарында – "Асыл Холдинг" ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү өнөр жай ишканасы;
  • Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында – шагыл майдалоочу өндүрүш цехи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан