Жаратылыш министрлиги билдиргендей, Кадамжай районунда чайыр (ферула) өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйнап жаткан 3 жаран аныкталды.
Мыйзам бузган жарандарга жалпы 16 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Андан сырткары, иш-чарынын жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жаран да аныкталып, ага укук бузуу Кодексине ылайык айып пул салынган.
Министрлик чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз жыйноо жаратылыш экосистемине зыян келтирип, мыйзамга каршы келерин эскертти.