
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Учурда мектепте STEM багытындагы – химия, физика, биология, математика, география жана информатика класстарын, китепкана, ошондой эле коридорлорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мектеп имаратынын чатыры толугу менен алмаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө жаңы терезелер жеткирилип, аларды орнотуу иштери күтүлүүдө.
Ал эми оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп заманбап эмеректер, видеокөзөмөл системи жана STEM класстары лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыз болот.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектеп макамын алган.