
Баткен районунун акиминин орун басары болуп
Сүйүнбай Сатыбалдиев дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Сатыбалдиевди эмгек жамаатына президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева тааныштырды.
Жаңы жетекчи буга чейин Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси кызматында эмгектенип турган.