Биз социалдык тармакта

Ошто 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу 45 пайызга аяктады

Ош шаарындагы Ишкаван айылында 700 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу 45 пайызга аяктады.
Курулуш министрлиги билдиргендей, долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 5613 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Анда 700 окуучуга ылайыкталган окуу класстары, 300 көрүүчүгө ылайыкталган амфитеатр тибиндеги жыйын залы, лифт жана 120 көрүүчүгө ылайыкталган, бардык шарты бар спорт залы жайгашат.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1,5 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт. Учурда шаар боюнча 10 жаңы мектеп курулууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан