
Нарын облусунда 27-июлда "Адам жаны аманат" аттуу профилактикалык иш-чара өттү. Ага муфтияттын Нарындагы өкүлчүлүгү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Нарындагы башкармалыгы менен биргеликте катышты.
Анын алкагында жол тескөөчүлөр тарабынан унаалар токтотулуп, жол эрежелерин так сактоо жана жолдо маданияттуу жүрүм-турумду кармануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
ЖКККББнын маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагында:
- 2000ден ашуун жол кырсыктары катталды,
- 3000дей адам ар кандай жаракаттарды алды,
- 300дөн ашуун адам каза болду.
ЖКККББ билдиргендей, бүгүнкү күндө жол кырсыктарынын негизги себептери - ылдамдыкты ашыруу, маневр жасоо менен карама-каршы тилкеге чыгуу болууда.