Биз социалдык тармакта

Алишер Козуев "Кара-Суу" футбол клубунун президенти болуп шайланды

"Кара-Суу" футбол клубунун президенти кызматына депутат Алишер Козуев шайланды. Ал эми клубдун директору болуп Нурсултан Кадырбеков дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жетекчилерди расмий тааныштыруу 28-июлда өткөн жумушчу жолугушууда болгон. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБ президентинин кеңешчиси Тимур Курманов, Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов жана футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышкан.

Белгилей кетсек, "Кара-Суу" футбол клубу 2026-жылдын башында түзүлүп, учурда Кыргызстандын Улуттук лигасында оюн көрсөтүүдө. Команда экинчи айлампанын жыйынтыгында "Б" тайпасында биринчи орунду ээлеп турат.

Клубдун негизги максаттарынын бири - окуу-машыгуу базасын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана команданын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Алар келечекте Кыргызстандын Жогорку лигасына чыгууну көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан