29-июлда Бишкек шаарында "Кыргызстан сулуусу-2026" улуттук сулуулук сынагы өттү.
Финалга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалып алынган 27 сулуу катышып, көркөмдүгү, таланты жана сахнадагы чеберчилиги боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында 23 жаштагы Айдана Айбашова баш байгени жеңип алып, "Кыргызстан сулуусу-2026" наамына ээ болду. Эми ал Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулук сынактарында өлкөнүн намысын коргойт.
Ал эми сынактын 1-вице-сулуусу болуп Адеми Разабекова табылды.