Биз социалдык тармакта

5 тилде эркин сүйлөгөн "Кыргызстан сулуусу-2026" жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү (видео)

"Кыргызстан сулуусу-2026" сынагынын жеңүүчүсү Айдана Айбашова сынактан кийинки алгачкы сезимдери менен бөлүштү. 23 жаштагы сулуу аны колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирип, жеңишке жетүүгө ишенгенин жана сынакка көп даярданганын айтты.

Айдананын айтымында, ал сынакка жөн гана катышуу үчүн эмес, жеңиш үчүн барган.

"Өзүмө ишендим, көп даярдандым. Жеңем деп ойлогом",- деди Айдана.

Ошондой эле "Кыргызстан сулуусу-2026" өзүнүн дагы бир өзгөчөлүгүн айтып, 5 тилде эркин сүйлөрүн билдирди.

Айдана Айбашова эми Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулук сынактарына катышат.

5 тилде эркин сүйлөгөн "Мисс Кыргызстан-2026" жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-07-30 16:13:00
Кыргызча суроо узатса башка тилде жооп бергени эмнеси? Тообо, Кыргыз тилин тоготпогон Кыргызстан сулуу болмок беле, эмне деген заманга кептелип баратабыз Кыргызым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан