Биз социалдык тармакта

Иран армиясы АКШнын соккуларына жооп кайтарарын билдирди

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу 30-июлда АКШнын Иранга жасаган аба соккулары үчүн жооп болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин АКШ тарап бейшембиге караган түнү Ирандагы буталарга кезектеги соккулар аяктаганын маалымдаган.

Иран армиясынын билдирүүсүн ирандык Fars агенттиги жарыялады, анда: “Бүгүн агрессор жазаланат”,- деп айтылган.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп 8-июлда 18-июнга караган түнү жетишилген ок атышууну токтотуу келишими күчүн жоготконун билдирген. Ошондон бери АКШ Иранга каршы бир нече ирет аба соккуларын жасады. Вашингтон бул аракеттерди Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге байланыштуу коопсуздук чарасы катары түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан