Биз социалдык тармакта

Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Азербайжан президенти Ильхам Алиев бүгүн, 30-июлда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан тосуп алды. Салтанаттуу тосуп алуу аземинде Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилди.

Аэропорттун перронунда кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган инсталляциялар коюлуп, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөндөр маданиятынын элементтерин көрсөтүштү. Ошондой эле кыргызстандык өнөрпоздор кыргыз жана азербайжан элдеринин музыкалык чыгармаларын аткарып, эки өлкөнүн лидерлерине кыска концерттик программа тартуулашты.

Мамлекеттик сапардын алкагында 31-июлда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан