Биз социалдык тармакта

Францияда токой өрттөрүнө байланыштуу 200дөн ашык адам кармалды

Францияда токой өрттөрүн атайылап чыгарууга шектелип 275 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Лоран Нуньес билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Алардын ичинен 31 адамга расмий айып тагылган.

Нуньестин маалыматына ылайык, учурда Францияда жаратылыш өрттөрүнөн 117 миң гектар аймак күйүп кеткен.

Буга чейин Франциянын түштүк-батышындагы Жиронда департаментинде бир жумадан бери уланып жаткан ири токой өртү токтогону, бирок айрым жерлерде кайрадан өрт тутанганы кабарланган.

Өлкөдө аба ырайынын өтө ысык болушуна байланыштуу 21 департаментте тобокелдиктин жогорку деңгээли жарыяланды. Катуу ысык өрттү өчүрүү иштерин кыйындаштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан