
Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев "Ala Tower" көп функционалдуу борбордун курулуш иштери менен таанышты.
Объекттин курулушу 2024-жылы башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Шаар мэри "Шаако Строй" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушууда курулуш иштерин токтоосуз жандандырууну талап кылды. Бул тапшырманы аткарууга бир айлык мөөнөт берилди.
Эгерде белгиленген мөөнөттө курулуштун реалдуу темпи камсыздалбаса, тиешелүү кызматтарга келишимди мыйзамда белгиленген тартипте бузуу маселесин кароо тапшырылды.
Аталган объект борбордун чок ортосунда, тагыраагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан.