
Жаратылыш министрлиги Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыттарда рейд өткөрүп, мыйзам бузган фактыларды аныктады.
Маалымдалгандай, жайыттарда эндуро үлгүсүндөгү мотоциклдер менен жер кыртышын бузган жарандардын ар бирине 5500 сомдон айып пул салынган.
Министрлик мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантыларын билдирди.