Ноокатта 33 миң куб метрден ашык кум-шагыл мыйзамсыз казылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 31-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, анын болжолдуу наркы 16 миллион 750 миң сомду түзгөн.
Анда тараптар карьерлерди техникалык долбоордо жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусунда белгиленген 5 метр тереңдиктен ашыкча казышкан.
Мындан тышкары, мамлекетке 1 миллион 489 миң 500 сом салыктык зыян келтирилип, жалпы зыян 18 миллион 239 миң 500 сом деп эсептелди.
Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары бул мыйзам бузуулар жөнүндө билип туруп, алардын мыйзамсыз иштерин улантуусуна шарт түзүшкөнү белгиленди.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.