Биз социалдык тармакта

Кыргыз-казак акындарынын айтышынын тандоо туру башталат

10-августта Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук "Манас" театрында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлүп, тандоо айтышы саат 10:00дө башталат. Аталган турга республикалык жана эл аралык айтыштардын тандоо баскычтарынан өткөн акындар катышат. Алар чүчүкулак аркылуу аныкталган жуптар менен алым-сабак форматында күч сынашат. Ар бир жупка 4-5 мүнөттөн убакыт берилип, калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 8 акын финалдык баскычка өтөт.

Акындар төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, тапкычтыгы, комуз чертүү өнөрү, сахна маданияты жана улуттук баалуулуктарды чагылдыруусу боюнча бааланат.

Эл аралык айтыштын финалдык баскычы 2-4-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өтүп, байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан