Казакстандын белгилүү теле алып баруучусу Диана Скатованын кыз узатуу тою өттү. Ал "QosLike" долбоорун алып барып көпчүлүккө таанылган.
Тойдогу сүрөт, видеолорду алып баруучу социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анын катталуучулары жана күйөрмандары жаш түгөйлөргө бакыт каалап, билдирүүлөрдү калтырышууда.
Белгилей кетсек, "QosLike" долбооруна Кыргызстандын айрым жарандары дагы катышкан.
