Биз социалдык тармакта

Расмий жолугушуудан достук баарлашууга чейин: Төрт президенттин бейформал көз ирмемдери (видео)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышкан жолугушуудан кийинки бейформал баарлашуунун сүрөт, видеолору социалдык тармактарда тарады.

Видеолордо төрт мамлекет башчысы расмий протоколдон тышкары, Ысык-Көлдүн жээгинде эркин баарлашып, чогуу сүрөткө түшүп, эс алуу учурунда гольф ойноп жүргөнү тартылган.

Кадрлардан президенттердин спорттук кийимдерди кийип, достук маанайда сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Бул учурлар мамлекет башчыларынын расмий жолугушуулары менен катар бейформал баарлашуулары да эл аралык байланыштардын маанилүү бөлүгү экенин көрсөттү.

Расмий жолугушуудан достук баарлашууга чейин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан