Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореяда 4 кыргызстандык баланын жүрөгүнө акысыз операция жасалды

Түштүк Кореяда 4 кыргызстандык балага акысыз кардиохирургиялык операция ийгиликтүү жасалып, алар мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Буга чейин министрлик тарабынан тубаса жүрөк кемтиги бар балдарды акысыз диагностикалык кароо уюштурулган. Текшерүүнү Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы Гиль госпиталынын жогорку квалификациялуу адистеринен турган көчмө медициналык топ жүргүзгөн.
Жыйынтыгында жүрөк оорулары бар 60 баланы текшерип, алардын ичинен эң татаал диагноз коюлган 9 баланы дарылоо үчүн тандап алышкан. Оорулардын оор мүнөзүн эске алуу менен биринчи кезекте 4 кичинекей бейтапты акысыз операцияга чакыруу чечимин кабыл алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан