Биз социалдык тармакта

Тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык экспонат өткөрүлүп берилди

Бүгүн, 31-июлда Кыргыз улуттук тарых музейинин фонду Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат менен толукталды. Бул тууралуу улуттук музейдин директору Назгүл Өмүрзакова билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдыкерим Сыдыковдун небереси Эрмек Сыдыков музейдин фондуна Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата ыйгарылган мааракелик медалды жана ага тиешелүү күбөлүктү өткөрүп берген.

Жолугушууда тарыхый мурастарды сактоо жана музей фондун байытуу маселелери талкууланып, соңунда коноктор Кыргызстандын тарыхына арналган туруктуу экспозиция менен таанышышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан