
Бишкектин 3 жана 7-кичи райондорунда 4-августта саат 09:30дан тартып 5-август, саат 02:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
Бул чектөө аймактагы суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу киргизилди.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.