Биз социалдык тармакта

Өзгөчө енот интернетти таң калтырды (видео)

Социалдык тармактарда өзгөчө көрүнүшү менен тараган видеодогу енот көпчүлүктүн көңүлүн бурду. АКШнын Сиэтл шаарында тартылган видеодогу жаныбарды көпчүлүк "мутант" деп аташып, айрымдары анын көрүнүшүн жасалма интеллект менен жасалган сүрөт же видео деп ойлошкон. Бирок бул - чыныгы енот болуп чыкты.

Адистердин айтымында, енотто Short Spine Syndrome (кыска омуртка синдрому) болушу мүмкүн. Бул – омуртканын тубаса кемтиги болуп, анын айынан жаныбардын денеси кыскарып, моюну дээрлик көрүнбөй калат.

Бул синдром буга чейин негизинен иттерде гана сүрөттөлүп келген. Ал эми енотто мындай өзгөчөлүк биринчи жолу катталып, адистердин жана интернет колдонуучуларынын көңүлүн бурду.

Өзгөчө енот интернетти таң калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан