Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Мароккодон Сеута шаарына мигранттардын массалык түрдө чек араны бузуп киришин Испанияга каршы жасалган чабуул жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу катары баалады.
Анын айтымында, Сеута - Испаниянын ажырагыс бөлүгү жана болгон окуя эң катуу айыптоого татыктуу. Бейшемби күнү миңдеген жаш марокколуктар Марокко менен Сеутанын чек арасына чогулуп, алардын жүздөгөнү Испаниянын аймагына өтүүгө жетишкен.
Окуядан кийин Испаниянын бийлиги Сеута шаарына кошумча полиция кызматкерлерин, жарандык гвардияны жана аскер бөлүктөрүн жөнөтүп, чек арадагы коопсуздук чараларын күчөттү.