Ош шаарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Увам каналынын жээгине атайын тосмолор орнотулду.
Мэрдин тапшырмасы менен Раззаков көчөсүнөн өткөн каналдын 80 метрлик бөлүгүндө коопсуздук чаралары көрүлдү. Буга чейин каналдын нугун жаап турган мыйзамсыз курулуштар алынып, аймак таштандылардан тазаланган.
Шаардык кызматтар каналдардын айланасын иретке келтирүү жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат.