Украинанын президентинин кеңсеси өлкөнүн Башкы прокуратурасына Беларустун президенти Александр Лукашенко боюнча кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүп кайрылды. Бул тууралуу Укринформ агенттиги Башкы прокуратуранын маалымат саясат башкармалыгынын жетекчиси Марьяна Гайовская-Ковбасюктун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуу 30-июлда катталган. Учурда анын негизинде эч кандай кылмыш иши козголо элек жана маселе кароо баскычында турат.
Укринформ белгилегендей, буга чейин Беларустун оппозиция өкүлдөрү Владимир Зеленскийдин кеңсесине кайрылып, Беларустун Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттерин колдогонуна байланыштуу Лукашенконун аракеттерине укуктук баа берүүнү суранышкан.