Республика боюнча өткөн суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Алардын ичинен Бишкек шаарында - 11 өрт, Чүй облусунда - 6, Ошто - 2, Баткен облусунда - 2, Ысык-Көл жана Талас облустарында - 1ден өрт кырсыгы катталган. Ошондой эле ӨКМ Ош шаарында 2 кабаттуу үй күйүп кеткенин маалымдады. Тилсиз жоо электр меши туура эмес туташылгандыктан аталган үйдүн 200 чарчы метрин күйгүзүп кеткен.