Алматы көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде курулган жаңы эстакадалык көпүрөнүн үстүңкү бөлүгү асфальтталып, унаалар үчүн эки тараптуу кыймыл берилди.
Транспорт министрлиги маалымдагандай, жаңы жол түйүнү Бишкектен Ысык-Көл жана Нарын облустарына каттамды кыйла жеңилдетүүгө жана жол жүрүү убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт.
Көпүрөнүн ар бир багытында үчтөн кыймыл тилкеси каралган. Жакынкы убакта жарыктандыруу системин, жол белгилерин жана жол чийиндерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, жол түйүнүнүн курамындагы калган эстакадалык көпүрөлөрдө жана башка курулуш тилкелеринде иштер белгиленген графикке ылайык тынымсыз уланууда.