Өлкө башчы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы жыйынга чогулган чет өлкөлүк лидерлер менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Сүрөттө Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Азербайжан президенттери Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жана Илхам Алиевди көрүүгө болот. Ошондой Айгүл Жапаров жана айрым биринчи айымдар бар.
"Сиздер менен жүз көрүшүп, аймактагы достукту жана кызматташтыкты дагы бир жолу бекемдеп жатканыбызга кубанычтамын!",- деп жазды мамлекет башчысы.